Кара-Балта шаарындагы "Жунда" мунайды кайра иштетүүчү завод 31-августта ишке кирет

Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы "Жунда" мунайды кайра иштетүүчү завод 31-августта ишке кирет. Маалыматты шаарга иш сапары менен барган вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге заводдун директору билдирди. Учурда заводдо курулуш иштери жүрүп жатыптыр. Жетекчи заводдун айланасындагы 14 жеке турак жайды сатып алып, ордуна ишкананын айрым бөлүктөрүн куруу пландалганын, бирок 14 үйдүн төртөөсү гана сатылып алынганын айтты. Калгандарынын тийиштүү документтери жок. Сарпашев завод ишке киргиче анын айланасында жашаган жергиликтүү тургундар менен талаш маселелерди чечип алууну тапшырды. Белгилүү болгондой, завод ишке кирсе 600 кыргыз жараны иш менен камсыз болот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан