Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу ата статусуна ээ болду

Эрежесиз уруш боюнча "WEF" уюмунун чемпиону Бусурманкул Абдибаит уулу ата статусуна ээ болду. Спортчунун келинчеги Нестан Рыспаева кечээ, 25-апрелде Бишкек шаарындагы №1 төрөтканада саат 15:30 чамасында уул төрөгөн. Абдибаит уулуна байланышып куттуктаганыбызда, кубанычын жашыра албаган мушкер ата статусуна ээ болуу өзгөчө сезим экенин айтат.

"Кубанычымда чек жок. Келинчегим толготуп баштаганда төрөтканага өзүм жеткирип барып, эшикте күтүп турдум. Аңгыча жеңеси чыгып мага уул төрөлгөнүн сүйүнчүлөдү. Келинчегимдин абалы жакшы. Балабыз 3 килограмм 600 грамм, бою 55 сантиметр болуп төрөлдү. Буюрса, келе жаткан дүйшөмбү күнү үйгө чыгарып кетебиз", - деди спортчу.

Бусурманкул Абдибаит уулу келинчеги Нестан Рыспаевага 2018-жылдын 2-апрелинде баш кошкон. Спортчунун тою Бишкектеги тойканалардын биринде өтүп, эки жаштын жакшылыгына SUPER.KG да күбө болгон. "Мен Нестан менен социалдык тармактардын биринен таанышкам. 3 жыл кыз-жигит катары сүйлөштүк. Сүйүктүүмдүн жүрөгүн багындыруу оор деле болгон жок. Нестан Ысык-Көлдүн кызы, мен Алайдан болом. Буйрук экен баш кошуп жатабыз", - деген анда мушкер.

Бусурманкул Абдибаит уулу 15 жашынан тартып грэпплинг менен алектенип, 2015-жылдан бери эрежесиз эр уруш менен машыгып, карьерасын "WEF" уюмунун алкагында баштаган. Ал дүйнөлүк Sherdog порталында 9 жеңиш, 2 утулуу, 1 тең чыгуу коэффициенти менен Кыргыз өлкөсүнүн атынан катталган. Ошондой эле Орусиянын эрежесиз уруш боюнча М-1 Global уюму менен келишим түзгөн. 2018-жылы 17-ноябрда "М-1 Global" уюмунда кезектеги беттешин өткөрүп жеңишке жеткен. Ал 65 килограммга чейинки салмак ченинде орусиялык "Fighting Eagle" клубунун өкүлү Залимбег Омаров менен күч сынашкан.

Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу үйлөндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Anaraalieva
2019-04-26 10:44:27
Колдун кыздары тын озу Оштун жакшы балдарын кармап алат.
+2
Nur777
2019-04-26 11:46:48
Anaraalieva,наоборот эмеспи?Ош,Жалал-Абаддын кыздар Кол,Чуйдун жигиттерине турмушка чыгууга аракет кылышат билишимче))))
-1
keba300989
2019-04-26 12:12:43
Nur777,Anaraalieva, Кыргыз кыздары кыргыз балдарга турмушка чыкканына шүгүр
+4
Nur777
2019-04-26 12:23:56
keba300989,Ошо да,сразу болуно калып,жаза калганын кара))
+3
rysik79
2019-04-26 16:22:46
Бешик боонор бек болсун!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан