Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова Кытайда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда алтын медалды жеңип алды. Ал финалдык беттеште япониялык Юкако Каваи менен кез келди. Юкако Каваи алгачкы мүнөттөрдө өзүнүн артыкчылыгын көрсөтүп, бир нече ыкмалары менен 6 упай топтоого жетишти. Тыныгуудан кийин кыргыз балбаны 4:6 упай менен атаандашына жакындап келди. Айсулуу Тыныбекова кийинки чечүүчү ыкмадан соң 8:6 упай менен алтын медалды илип кетти.

Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Ал буга чейин чейрек финалда Өзбекстандын балбаны Набира Эсенбаеваны 10:0 эсеби менен оңой эле жеңип алган.

Ал эми жарым финалда Айсулуу Тыныбекова Таиланддын спортчусу Салин Срисомат менен кез келип, берилген мөөнөттөн мурда эле жеңишке жеткен.

Айсулуу Тыныбекова кыргыз спортунун тарыхында Азия чемпиондугунун алтын медалын 3 жолу жеңген алгачкы спортчу. Алгачкы алтынды 2016-жылы, экинчи алтынды 2017-жылы жана үчүнчүсүн бүгүнкү жеңиши менен ала алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
interpol
2019-04-26 18:07:00
Тынып тынчыбаган мээнеткеч кыз, азаматсың наамыска жарап жүрө бер. Жеңишиң кут болсун!!!
+7
zhykyo
2019-04-26 18:35:29
Айслуу баатыр азамат
+6
ZhanMM
2019-04-26 18:38:24
Олимпиаданын алтын медалы калды эми бул кызыбызга
+12
asash
2019-04-26 19:16:07
Азаматсын Айсулуу, кийинки ийгилигин Олимпиададан алтын медаль болсун, сенден кутобуз, ийгилик сага!
+6
Nur777
2019-04-26 19:21:40
Азамаат,буюрса Олимпийская чемпионка болушунду каалайбыз!Ден соолук жана ийгилик!!!
+5
elb_2121
2019-04-26 19:50:30
Азаматтсын Айсулуу дуйнолук олимпияда чемпиону бол
+5
elchi84
2019-04-26 20:02:54
Эми дуйнолук чемпион бол!
+4
Kubat77
2019-04-26 20:18:29
Айсулу женишин кут болсун.
+6
mirlanpiter
2019-04-26 21:30:28
Олимпиадалык чемпион жигит жеке жашоосунда пайда болуп, бактылуу болсун
+1
nelya88
2019-04-26 22:21:28
Молодец, Айсулуу!!!
Биз сени менен сыймыктанабыз!!!
Кыргыз элибизди дагы да дүйнө жүзүнө таанытып жүрө бер!!!
+1
Jyna
2019-04-26 22:55:29
Жеңиш кут болсун! Кыргыздын желегин дагы да көп өлкөлөргө желбирете бер. Эми буга да калпак чапан кийгизбесе эле.
+1
bond02
2019-04-27 00:12:54
Шевченкону тосуп алгандай тосуп ала алат бекен эми биздикилер?
+3
Mavlyuda
2019-04-27 07:07:19
Азаматсың Айсулуу. Олимпиадада дагы ушундай чемпиондукту күтөбүз. Сенден үмүтүбүз чоң
+1
souza.j
2019-04-27 10:39:00
Айсулуу ийгилик. Жеке жашоосу кандай болуп жатат.
0
senchi
2019-04-28 11:47:08
Азаматсын суйундум
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан