Кытайда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда балбан Айсулуу Тыныбекова мелдештин финалына чыкты. Ал 62 килограмм салмак ченинде күч сынашууда. Чейрек финалда Тыныбекова Өзбекстандын балбаны Набира Эсенбаеваны 10:0 эсеби менен оңой эле жеңип алган.
Жарым финалда Айсулуу Тыныбекова Таиланддын спортчусу Салин Срисомат менен кез келип, берилген мөөнөттөн мурда эле жеңишке жетти. Финалдык беттеште япониялык спортчу менен кез келмекчи.