Чүйдө 19 жаштагы кыз бир айдан бери изделүүдө

Чүйдүн Жайыл районунда 19 жаштагы Бахтигул Каликулова изделүүдө. Ал ушул жылдын 7-март күнү үйүнөн чыккан боюнча кайрылып келген эмес. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыз Кара-Балта шаарынын тургуну. Ал 7-март күнү саат 15:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен.

Өзгөчө белгилери: бою 163-165 сантиметр.

Кызыл түстөгү куртка, жынсы шым, жашыл түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Кимде ким сүрөттөгү Бахтигул Каликулованы көрүп билгендер болсо төмөндөгү номерлерге байланышып коюну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефондору: 0312 22-15-58, 0701 00-57-15, 0557 09-20-00, 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан