ЭЛДИК КАБАР: Тыюу салынган белги турганына карабай айдоочулар унааларын токтотуп коюшат

Бишкектин Исанов көчөсүнүн Чүй кең көчөсү менен Киев көчөлөрүнүн ортосундагы аралыгына унааларды токтотууга тыюу салынган. Тийиштүү белги коюлганына карабай айдоочулар унааларын токтотуп коюшат. Дал ушул аймакта соода борборлору жайгашкандыктан унаа тыгыны да көп жаралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Sakubek
2019-04-28 13:00:44
Машинасы жок бир бечара окшойсун, ичин тарланып. Каякка токтотушсун анан места жок болсо
-8
BarsBaatyr
2019-04-28 13:35:29
Sakubek,Кеп унаасы бар же жогунда эмес. Эрежегени кынтаюусуз аткарыш керек. А бизде болсо эшек жайлоо.
+6
zhykyo
2019-04-28 13:46:35
Токтотуп койсо эмне эмне болот же бир жеринди тырмап жатабы. Токтой турган жер жок же тар болсо
-6
momun74
2019-04-28 15:34:42
zhykyo,озунго мейли элди законду сыйлаш керекда коп кабатуу уйдо турабыз коляска мн чыксан эле машинеге такаласын озунду эле эмес элди да ойло коп адамдар озуно ынгайлуулукту ойлошот балдарды ойноткону чыксан селкинчектин алдына такап машнесин токтотуп койгон
+5
elchi84
2019-04-28 13:59:31
Номерин кошо тартышын керек эле
+1
urmat94
2019-04-28 16:35:40
Эми алар да айла жоктугунан коюшат да биринчи ошо соода борборлору биринчи кезекте парковканы ойлонуш керек эле
0
Apyn8793
2019-04-28 20:59:51
Жол эрежесин билбеген ХХХХ да
+3
Arman7
2019-04-29 02:20:40
Тушунбогондон кийин ар кимин ар нерсе дей бербегиле ал жерге токтотпой кайда токтотсун аначуйго токтотсунбу анан.Законду сыйлаш учун ошого шарт болуш керек.Болбойт дегендер киминер уруксат берилген жерге токтотуп 1,2 км басып келе аласынар колунардан келбейт.Дагы бироон баланы ойнотконго орун жок дейсин баланы двордун ичинде же болбосо аянтчада ойнотосун машина жургон жолдо эмес,селкинчеке такап токтоткон ал башка тема
-2
shahlet
2019-04-28 22:37:02
Шаарлардын баарында болуп турат.Болгону планы толбой калган ГАИге туура келсен,айып пулга жыгыласын.
0
talant87
2019-04-28 22:49:42
Бизде мыйзам бар шарт жок
+1
Umakg
2019-04-29 11:00:14
Биринчи ууна койуучу жай кылыш керек шарт тузуп анан тыюу салыш керек...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан