Уранды казууга каршы митингде Равшан Жээнбековдон микрофонду жулкуп алган жигит ким болуп иштегенин айтты

Уранды казууга каршы митингде саясатчы Равшан Жээнбековдон микрофонду алып койгон адам милиция кызматында иштебейт. Бүгүн, 29-апрелде SUPER.KG порталына Ички иштер министрлиги анын аталган кызматта иштебей турганын маалымдады. Буга чейин "ал жигит ИИМде иштейт" деген божомолдор айтылып, чагымчыл аракеттерди жасады деп сыпаттагандар болду.

“Равшан Жээнбековдон микрофонду жулкуп алган адам Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын кызматкери эмес. Бул адам милицияда да иштебейт”, - деп билдиришти ИИМден.

Ошол эле учурда микрофонду Жээнбековдон жулкуп алганы видеого түшүп калган адам бүгүн коомчулукка видеокайрылуу жасады.

“Мен укук коргоо органынын кызматкери эмесмин, балдар дарыгеримин. Аты-жөнүм Агзам Данияров. Уранга байланыштуу маселени саясатташтырбоону өтүнөм. Мен эч кимди үгүттөбөйм, үгүттөгөн дагы эмесмин”, - деп айтылат кайрылууда.

26-апрелде Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Ысык-Көл облусундагы "Кызыл-Омпол" уран кенин иштетүүгө каршы митинг өттү. Ага активисттер, коомдук ишмерлер катышты.

Митингдин алып баруучусу Улан Үсөйүн экс-депутат Равшан Жээнбековго сөз бербей, ортосунда микрофонду талашуу орун алган. Кийин Жээнбеков журналисттерге эмнеге ага сөз берилбегенин өзү түшүнбөй калганын айткан.

Уран казууга каршы митингде Равшан Жээнбековдон микрофон жулуп алган адам кайрылуу жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Agayu
2019-04-29 14:24:29
Негизи Равшан Жээнбеков жумурткадан кырык издеген инсан Кудай өзү ыйман берсин .Келгиле туугандар ынтымакта жашасак баарын жэнебиз жана ийгилике жэтебиз!!!
+10
Nursbaike
2019-04-29 15:03:27
Эгер Равшан микрофонду кармап бул бала келип талашканда анда тушунсо болмок . Эмне Равшанга баары зеленныйбы барып жазылып Анан алсын микрофонду. Кече Адил да суйлоп алган экен озунчо ушулар Тажатты адилеттуулуктун символу болуп
+8
Mamiev
2019-04-29 15:38:45
Равшан мырза дегим деле келбей калды гейлерди коргоп чыккандан кийин. Каерде болбосун ушул депутат жүрөт очкого иштеп калп эле бийликти жамандап элдин талабын колдомуш болуп. Канчалык аракет кылба эл билет кимдин ким экенин
+7
Kychtyy
2019-04-29 15:42:00
Абдылда айткандай мен куйгондо ушул равшан менен адилден куйдум. Эн эле бекерчи кыларга иши жок ушулар окшойт. Чоптун башы кыймылдаса эле чуркап чыга калышат. Интернеттен отуруп алып такталбаган маалымат тараткандар ушунчалык модага айланды. Элди дурботуп. Ушундайларга мыйзам жок бекен ооздуктап токтото турган. Бугун бирди суйлоп эртен такыр башканы суйлогондор. Равшан адил дегендер сдпк деп эле ыйлактап таш менен ургулап атышты эле. Эми сдпк нын нанын жеп аларды мактап калышты. Бет деле жок
+7
admin_portal
2019-04-30 09:22:20
AIA-TOO, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. БАН!
-1
admin_portal
2019-04-30 09:22:55
tursunbaev78, далилсиз маалыматтарды жазууга, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. БАН!
-1
admin_portal
2019-04-30 09:28:05
taalay25, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан