Бишкекте ысык суу берүү Орозо айы менен катар 6-майдан баштап 1 айга токтотулат

Борбор калаабыз Бишкекте 6-майдан баштап 6-июнга чейин көп кабаттуу үйлөргө ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленген убакыт ичинде жыл сайын аткарылып келген пландын алкагында кышка даярдык көрүү үчүн түтүктөр оңдоп-түзөөдөн өтөт.

"Жыл сайын жылуулукту кийинки жылы үзгүлтүксүз жана жеткиликтүү деңгээлде берүү максатында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн тургундарга ысык суу берүү 1 айга токтотулат. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз, оңдоп-түзөө иштерин түшүнүү менен кабыл алыңыздар", - дейт шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Тийиштүү иштер аткарылгандан кийин ысык суу берүү башталып, толук камсыздоо 3 күнгө созулат. Алгач бала бакча, мектеп, ооруканаларга жана маанилүү делген социалдык объектилерге берилет.

Ысык суу берүү былтыр 2018-жылы 21-майдан 21-июнга чейин токтотулган. Ал эми 2017-жылы 22-майдан 22-июнга чейин токтотулган. Былтыркы жылга салыштырмалуу ысык сууну өчүрүү 15 күнгө эрте аткарылып жаткандыгынын себебин мэрия төмөнкүчө түшүндүрдү:

"Быйыл бир топ магистралдык жылуулук трассалары оңдоп-түзөөгө муктаж. Иш планды карап көргөндө, бир аз эртерээк баштасак, кыш келгиче жылуулук трассаларын ремонттон өткөрүүгө жетишип калат экенбиз. Техникалык тараптан ушундай чечим чыгып, 6-майдан тарта ысык суу берүү токтотулмакчы".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
barakcha
2019-04-29 20:31:30
Кыйратыптырсынар!Жок дегенде орозо маалы буткондо токтотпойт беленер?Соз жок силерге!Аллахтын улуу куну кылганынар бул болсо...
+2
marat_1910
2019-04-29 20:40:46
эмнеге эмнеге эмнеге Орозо убагында деген суроо
+2
Kuba-savai87
2019-04-29 20:44:59
Сабыр кылгыла, сыноо сыноо сыноо
+2
Bakyi
2019-04-29 20:52:22
Орозо айында өчүрбөй койсо деле болмок!!!
+2
-Sumitra-
2019-04-29 22:50:30
Элдер ыссык суу жок эле жашап журдунор эле го.Шугур кылсанар кичине.Ондоп тузоо иштери бутсо берилет да.Бир ай олбойсунор)))
-1
al-abu-kinesz
2019-04-30 17:28:39
Муздак суу чыгып атканына шугур кылгыла оо мусулман бир туугандар
0
Kroxa
2019-04-30 21:58:04
Качан эле Кыргыз ысык суу менен орозо кармачу эле???аристон бар кулайга шугур ал очсо...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан