Ысык-Көл ОИИБи: "Уран кенин иштетүүгө каршы Балыкчыдан Бишкекти көздөй келе жаткан жөө жүрүштү милиция токтоткон жок"

Уран кенинин иштешине каршы Балыкчыдан Бишкекти көздөй келе жаткан жөө жүрүшкө милиция кызматкерлери эч кандай тоскоолдук жараткан жок. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде SUPER.KG'ге облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

“Жөө жүрүш милиция кызматкерлери тарабынан токтотулду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Милиция кызматкерлери ал жерде бар, бирок алар тынч митинг өткөрүүгө эч кандай тоскоолдук жараткан жок. Алар түздөн-түз өз милдеттерин аткарып, коомдук тартипти сактоо боюнча ишин аткарууда.

“Күч колдонду” деген маалымат чындыкка дал келбейт, бул айрым адамдардын өзүнүн кызыкчылыгын көздөө максатында таратып жаткан жалган маалыматы”, - дейт Усубакунов.

Буга чейин митингдин уюштуруучуларынын бири жөө жүрүштү милиция кызматкерлери күч менен токтотту деп билдирген. Уран кенинин иштешине каршы митингдин катышуучулары бүгүн Балыкчыдан Бишкекти көздөй жөө жүрүш менен келе жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baicho_0707
2019-04-29 14:14:09
Анан эмне болду токтоп калдыбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан