"Азаттыктын" кабарчысы ишкер Жалил Атамбаев аны сотко берип, 50 миллион сом моралдык чыгым талап кылып жатканын айтты

"Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаковду милициянын отставкадагы полковниги, ишкер Жалил Атамбаев сотко берди. Маалыматты Исаков өзү тастыктап, төмөнкүлөргө токтолду.

"Жалил Атамбаев кадыр-баркын 50 миллион сомго баалап, бизди сотко бериптир. Мындай кабарды бүгүн, 29-апрелде уктум. Бул эми анын укугу. Ал укугунан пайдаланса болот. Биз көрсөтүүдө деле ал кишинин оюн угууга мүмкүнчүлүк бергенбиз, азыр деле беребиз. Бирок Жалил Атамбаев сотту тандаптыр. Ошондой эле, ал иликтөөмдө суроолорго жооп берген 2 адамдан дагы 5 миллион сомдон өндүрүп берүү талабын коюптур", - деди Исаков.

Ыдырыс Исаков "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ал даярдаган "Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер" деген аталыштагы иликтөөсүн 17-апрелде жарыялаган. Анда Жалил Атамбаев тууралуу кеп болгон. Бул иликтөөдөн кийин, Жалил Атамбаев кабарчынын жасаган иликтөөсү үчүн Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган. Доо арызда 50 миллион сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранганын "Азаттык" жазып чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
stimyl.kg
2019-04-29 17:05:39
Кыргызстанда көмүскө бизнестер же болбосо коомго терс жактарын тийгизип, калкка зыяны тийип момун адамдарды,карапайым калкты басынтып күчүнө таянып байлыгына таянып байып жаткан адамдардын кылганын ашкерелеп элге алыпчыгып жаткан ММК өкүлдөрүнө айрыкча азаттыктын кабарчыларына рахмат. Анан супердин жамаатына да сунуш айтаар элем,гезит сайтарыңыздардан жылдыз болуп түшпөгөн элге жек көрүнгөн Атамбаев,же Самарадан көрө коомго пайдалуу журналистик иликтөө жүргүзсөңүздөр жакшы болмок.
+19
bond02
2019-04-29 17:10:18
Аай жигит ажыдаардын куйругун тебеледин го дейм, албетте чындык сен тарапта бирок бизде акча суйлойт билесин.
+18
titanik32
2019-04-29 17:27:21
Медальдын эки бети бар демекчи,Азаттыктын кабарчысы бир беткей эле берүү берип чектелген.Мен билгенден Ж Атамбаев көптөгөн адамдарга жумуш орун менен камсыздаган,бей бечараларга эсепсиз жардамдашат.Ошол жактарын да иликтеп чагылдырса болмок Ыдырыс.Эми бул деген Оштогу көмүр бизнеси менен шугулданган белгилүү дагы бир ЖК депутаттын көрө албаган өчөгүшкөн заказы.Текшерсеңер мамлекетти уурдап тоноп жеген көптөгөн чиновниктерди иликтегиле.ТЕЦ,Музей,Дача су,ЛЭП,жол ж б....
-10
almanbetperm
2019-04-29 17:31:17
titanik32,тууганын окшойт
+10
titanik32
2019-04-29 17:44:36
almanbetperm,Мен Баткенден болсом мага кандай тууган болмок.Мен көрүп билгенимди жаздым.
-9
almanbetperm
2019-04-29 22:33:51
titanik32,эмне баткен баткенге эле тууган болмок беде, кудаа соок, тага журт дегендей,
+5
tursunbaev78
2019-04-29 17:42:24
titanik32,Улан Примовтун заказыбы ошондо?Кыргызды Кыргыз жок кылат,бизге сырттан душмандын кереги жок
+4
zhykyo
2019-04-29 18:46:55
Айла жок эгер утулуп калсан толоп бер. Утсан андада мейли ут калыстык созум экоонду ден тааныбайм ачыгын айтканда
-6
Emilzima
2019-04-29 19:19:25
Оштогу Жалил салган уйлордо бири бирине кун тийбейт. Зонага киргендей эле болосун.
+4
karona12
2019-04-29 19:27:39
Жээнбековтун Коррупция менен курошкону чын болсо азаттык утат.
+11
Erik2018
2019-04-30 09:33:18
karona12, Атамбаевге салыштырмалуу азыр коррупция менен күрөш катуу жүрүүдө десек болот. Бир катар аткаминерлер камалып жазасын алууда.
+1
elchi84
2019-04-29 22:58:11
Озу Атамбаев деген кандай адам болушат тооба откон жылы АША журналистерди миллион догон акчага сотко берди эле бунусу да 50 миллион дейт го.Супер кж силер дагы ушундай передачаларды тартасанар болот эле иликтеп тактап дегендей силер деле бийликтин бир бутагысынар.
0
admin_portal
2019-04-30 09:25:36
elchi84, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Busi06
2019-04-30 05:17:32
Уяты жок киши экен МЫНДАЙЛАРДЫ КУДАЙ ГАНА жазалабаса пендеси тен келе албайт ошончо басып жаткан байлыгы мн дагы кайсы бети мн журналисти сотко берди??? УРМАТТУУ ПРЕЗИДЕНТ Сооронбай Жээнбеков эркектик намыс болсо Ушул Жалилга окшогондорду 1чиден тынчыт, каалашынча тайрандадыго Бул Жалил деген неме, чын чычалатат ошондой интервью алып артынан тушкон адамды басмырлап сотко берип,... Просто уят да уят ошон учун артынды тазараак алып жур Жалил!
+2
Erik2018
2019-04-30 09:34:31
Азыр сот мыйзамдуу чечим чыгарган жок. Тергөө иштери башталды. Менимче сот калыс чечим чыгарат. Эч кандай жыйынтык чыга элек жатып оюнарга келгенди токтотсонор жакшы болот эле.
0
Emilzima
2019-04-30 10:15:12
"Супер Инфо" жамааты, силер да калыс журналисттик иликтоо жасап корсонор дейт элем. Бийлик тарапка ыктаап жургондойсунор.Ал антти , бул мынтти деп эле журосунор.
+2
Koichuman
2019-04-30 10:37:48
Атамбаев Советтен Сооронбай Шарипович да Советтен жердеши болот,акыйкат жок жердеши ажо болсо бардыгын ишенип кылып атса керек да.
+1
Elaman_Arypov
2019-04-30 10:41:44
Улан Эгизбаевден кийинки эле мыкты журналист экен азамат!
+2
Almaz.bim
2019-04-30 16:20:57
Бул Жалил Атамбаев тойбойт екенда.
Жеенбековдун эрки жетсе анынбайлыгын алып,кедей кембагалдарга таратып берсе жакшы болмок.Горобузго Жеенбековдун кадамын Карупция менен гурошом деп,суйлойт бирок кылган иши бири бирине дал гелбей жаткансыйт.Ошол журналиске рахмат силердин укмканарга караганда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан