Көк бөрү боюнча Нооруз турниринин 6 жолку чемпиону "Ынтымактын" курамы менен кенен тааныштырабыз

Көк бөрү спорту боюнча Кыргыз өлкөсүндө фаворит катары саналган командалардын бири "Ынтымак" командасы учурда 9-Май Жеңиш майрамына карата кызуу даярдык көрүп жаткан учуру. SUPER.KG команданын даярдыгы кандай жүрүп жатканынан кабар алып, муну менен катар "Ынтымактын" атын чыгарган жигиттер менен кенен тааныштырмакчы.

Аталган команда март айында "Нооруз" майрамына карата уюштурулган турнирде жеңишке жетишти. Бул жеңиш "Ынтымактын" майрамдык турнирдеги 6-жеңиши. Командада ар бир оюнчунун ээлеген позициясы, өздөрү минип ойной турган тиешелүү аргымактары бар.

Команданын курамы. Чабуулчулар:

Астаркул Табышов - профессионалдуу көк бөрүгө 2016-жылы "Кең Талас" командасы менен келген. Андан соң "Мурас" командасына ойноп, быйыл, 2019-жылы "Ынтымактын" курамына кошулган. Астаркул Табышов: "Көк бөрүнүн кумары өзгөчө. Сырттан карап көрсөң коркунучтуу, опурталдуу оюн болуп көрүнөт. Ичине кирип кеткенден кийин баягы коркунуч кумарга айланып, эч нерсе билинбей калат", - дейт.

Жакшылык Руслан уулу - алгачкы ойногон командасы "Мурас", андан кийин "Арашан", быйылкы жылы "Ынтымак" командасында ойноп жатат. Анын улакка түшүп калышына атасы жана айылдаш агалары себепчи болгон. Алардын улак чаап жүргөнүнө кызыгып, Жакшылык дагы көк бөрүгө кызыгып кеткен.

Нуржан Мелисбек уулу - Көк бөрүдө профессионалдуу оюнга аралашуусуна 6 жылды чамалап калган. Өзүн чыныгы оюнчу катары сезген беттеш "Достук" командасы менен болгон 2017-жылдагы оюнду эсептейт. Бул оюндун жазылган тасмасын азыр дагы кайталап көрөм дейт ал.

Сейитбек Анарбек улуу - "Ынтымак" командасына Чүй облусунан кошулуп ойногон жалгыз оюнчу. Профессионалдуу көк бөрүгө келгенине 8-9 жылдын жүзү болду. Кыргыз өлкөсүнүн 4 жолку абсолюттук чемпиону. Ал 17 жашында үй-бүлө курган, учурда 2 баланын атасы.

Жекеме-жеке оюнчулар:

Урмат Раушан уулу - анын айтымында Бакайыр айылында атактуу жана жакшы ойногон улакчылар көп. Урмат Раушан уулу дагы агаларынын артынан ээрчип жүрүп улак тартышты үйрөнүп алган. Учурда көк бөрү спорту жакшы деңгээлде өнүгүп калгандыктан, анын күйөрмандары дагы көп. Оюнчулардын ар биринин социалдык тармактагы баракчалары бар.

Адилет Талант уулу - "Ынтымак" командасына 2013-жылы келген. Кийин "Датка" командасына кетип ойноп жүрүп, быйыл 2019-жылы кайра кайтып келген. Адилет Талант уулунун айтымында улакчы менен минген аты бири-бирин илгиртпей түшүнүшүүсү керек дейт. Атагы чыккан Геркулес ысымдуу тулпарды башкарган улакчы оюндагы жарым-жартылай жеңишти жылкы алып келет дейт.

Коргоочулар:

Нияз Мадалбеков - Коргоочу, команданын капитаны Нияз Мадалбеков аталган командада 2005-жылдан бери ойнойт. Команданын ийгилигинин сыры катары ал тынбаган эмгек, ынтымак жана улуу-кичүүгө болгон сый-урмат дейт.

Марлис Койгелдиев - командадагы тажрыйбалуу оюнчулардын бири. Ал көк бөрүнү 15 жылдан ашуун убакыттан бери ойноп келет. Командадан улуусу болсом дагы инилерибиз менен достук мамиле күч дейт. Ал командадагы жаңы оюнчуларга көк бөрүдөгү ыкмалардын техникаларын, жерден улакты эңүү, бөктөрүп такымга кысуу, атты туура башкаруу, ээрде кармануу сыяктуу татаал тактикаларды үйрөтүп келет.

Аудасбек Мырзабек уулу - мыкты улакчы болуш үчүн талыкпаган эмгек керек деп эсептейт. Учурда 9-майдагы турнирге карата тынбай машыгууларды өткөрүп жаткан учурлары. Ал 2 сааттык машыгуу деле оңой эмес дейт.

Дастан Сагынбек уулу - 2016-жылы "Кең Талас", 2017-жылы "Бакубат Талас" командаларынын курамында ойносо, быйылкы жылы "Ынтымакка" кошулуп ойноп баштаган. Көк бөрү ар бир кыргыз жигитине мүнөздүү канга сиңген оюн дейт. Ар бир кыргыз ойносо бул оюн өнүгүп, эл аралык деңгээлде Кыргыздын атынан кенен жайылат дейт.

Чубак Нурманбет уулу - Көк бөрүдө өзүнүн максаттарын бийик койгон улакчы бардык ийгиликке акырындан жетсе болот дейт. "Аттарга басым жасап, учурда машыгуулар күч. Кийинки оюндарда да ийгилик жаратабыз деген үмүттөбүз" деди Нурманбет уулу.

Эрлан Төлөбеков - 9-майда ойной турган команданын бардыгын күчтүү деп эсептейт. "Сары-Өзөн", "Рассвет", "Достук" булар негизги күчтүү командалар дейт ал.

Команданын жетекчиси Курмантай Айтбаев, машыктыруучусу Ислам Тазабеков.

Талас облусунун Көк бөрү федерациясынын президенти Жылдызбек Музуратбеков "Ынтымак" командасынын кыскача ийгиликтерин айтып берди.

"Чаткал деген агабыз бир учурда Талас облусунун Көк бөрүсүнө күйүп, "Беш Таш" деген команда түзгөн. 2003-жылдары ал өзүнүн улакчы балдарын чогултуп, "Ынтымак" командасы деген аталыш менен чыккан. Кийинчерээк Талас облусундагы мыкты команда болууга жетишкен соң, атын "Талас" командасы деп өзгөрткөн. Андан кийин учурдагы атына токтолуп, өлкөдөгү эң ийгиликтүү командалардын бири аталып келет.

Жетишкендиктерине кайрылсак, биздин команда Нооруз майрамында жыл сайын уюштурулуп келген турнирдин 6 жолку чемпиону. 2 жолу Көчмөндөр оюндарында биздин команданын капитаны Марлис Койгелдиев улуттук курамасында команда капитаны катары ойноду. 2018-жылы Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата уюштурулган көк бөрү оюнунда 1-орунду алды. Ошол эле жылы жана быйыл 2019-жылы президенттин кубогун жеңип алдык.

Ал эми көк бөрүдө негизги күчтү аргымактар берет. Өзгөчө кулк-мүнөзгө ээ, баалуу чыныгы көк бөрүчү, күчтүү аттардын катарында Ахиллес, Геркулес, Грозный, Каракуш, Торнадо аргымактары турат. Биздин негизги ийгилигибиз ушул аргымактарда жана балдардын талыкпаган эмгегинде", - дейт Жылдызбек Музуратбеков.

SUPER.KG порталы сиздерди алдыда башка командалардын курамы менен тааныштырууга да аракет кылат.

Көк-бөрү. "Ынтымактын" ышкыбоздору менен тааныштырабыз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан