3-августта Бишкектеги Эмен сейил багында ишембилик өтөт
3-августта Бишкектеги Эмен сейил багында ишембилик өтөт. Иш-чараны Бишкек мэриясы "Мекендештердин бирикмеси" ассоциациясы менен биргеликте уюштурууда. Иш-чаранын катышуучулары бактарды бутап, сейил бактын аймагын тазалашат. Бактын жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт. Сейил бакта 782 түп бак-дарактар отургузулган.