29-июлда Бишкектин Ленин райондук соту шаардын мурдагы мэри, ЖКдагы “Ата Журт” фракциясынан депутат Нариман Түлеевди 11 жылга эркинен ажыратты. Экс-мэрдин жана жакындарынын үй-мүлкү конфискацияланып, өзү күчөтүлгөн режимде жаза мөөнөтүн өтөмөй болду. Соттун чечимине ылайык, айыпталуучу 3 жыл мамлекеттик кызматта иштей албайт.
Түлеевге "Бишкектин мэри болуп турган кезде Кытайдан автобустарды алып келүүдө мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген", башкача айтканда, "миллиондорду сугунуп койгон" деген айып тагылды. Түлеев менен кошо Бишкек мэриясынын мурдагы 6 кызматкери да 5 жылдан 13 жылга чейин кесилди. Алар да "Түлеевдин учурунда мамлекетке түшчү миллиондорду өздөрүнүн чөнтөгүнө салып алышкан" деп айыпталышты.
Аткаминерлерге карата чыгарган соттун бул чечими боюнча айрымдарга суроо менен кайрылдык.
ЖКнын депутаты, экс-мэр Нариман Түлеевге жана анын мурдагы кесиптештерине карата чыгарган райондук соттун чечимин кандай кабыл алдыңыз?
Бактыбек Калмаматов, ЖКнын депутаты:
- Кыргызстанда бийликтин башка бутактарындай эле сот бийлиги дагы өзүнчө орган. Анда чыгарылган өкүмдөргө эч кимдин баа бергенге укугу жок. Эми алдыда дагы инстанциялар бар, алардын жүрүшү менен Түлеев берилген жаза мөөнөтүн өтөөрү же өтөбөсү белгилүү болот. Азырынча бул чечим жыйынтыктоочу кадам эмес. Бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү ири аткаминерлердин узак мөөнөткө кесилиши же алардын камакка алынып, жаза өтөөрү эл үчүн жат көрүнүшү мүмкүн. Бирок мыйзам бардык адамдарга, ал депутат же министр болобу, бирдей болушу керек.
Токтогул Какчекеев, серепчи:
- Соттун чечимине кошумча эч нерсе айта албайм. Президент Алмазбек Атамбаев инаугурациясынан бери айтып келет, коррупцияга каршы аёосуз күрөш алып барарын. Бул иштерди ал айтылган сөздөрдүн жообу деп кабыл алууга болот. Өлкө башчынын "саясий кредосу" ишке ашып жатат. Бул окуядан кийин айрым бир жооптуу кызматтагы кызматкерлер коркунучка дуушар болушууда деп ойлойм. Бул иш көпчүлүгүнө сабак болушу керек.
Бакыт Бакетаев, серепчи:
- Бул иште мен бир нерсеге даана көзүм жетти. Кыргызстанда сот реформасын тездетүү керек экен. Сот иштерине көп барган жокмун, отурумдарга толук катыша албадым. Бирок барып жүргөн күндөрү прокурорлордун таккан айыбы жүйөлүү эмес экенине күбө болдум. Бир гана мисал, Түлеевдин жактоочуларында коюлган айыпты четке кага турган далилдер турат. Аларда Кытайдын юстиция министринин мөөрү басылган документ бар. Ал эми мамлекеттик айыптоочуларда анын күнөөлүү экенин көрсөтө турган конкреттүү далил жок. Айыпталуучулардын күнөөсү бүдөмүк бойдон калды. Эми экинчи инстанцияда, Бишкек шаардык сотунда ачык-айкын күрөш болушу кажет.
Абдыманап Кутушев, ЖКнын депутаты:
- Сот бийлиги - өзүнчө күчкө ээ болгон бийликтин бир бутагы. Анын чечимин туура кабыл алышыбыз керек. Бул чечимден кийин бир гана нерсе айкын болду, мамлекеттин акчасын уурдагандар сөзсүз жазаланат. Мындан ары жооптуу кызматтагы адамдар жоопкерчилик менен иштеп калышат деп ойлойм. Муниципалдык кызматтагы кызматкерлер мамлекеттин казынасына кол салбай иштеши керек болот. Коррупция менен күрөшүү жүрүп жатат, бул анын далили боло алат.
Чолпон Султанбекова, ЖКнын депутаты:
- Соттун кабыл алган чечимин андай же мындай деп айта албайм. Депутат катары мыйзамдын сакталышынын тарапташымын. Биз ошол мыйзамдын үстөмдүүлүгү үчүн эмгектенип келебиз, аны көзөмөлдөө - милдетибиз. Бул саясий чечим болбошу, мында эч кандай саясий максат колдонулбашы керек. Мыйзам чегинде чыгарылган, акыйкат чечим болушу кажет. Ал эми адамдык жактан алганда, Кудай сактасын, мындай күндүн эч кимдин башына түшүшүн каалабайм.