2013-жылга карата статистикалык маалыматка ылайык, Талас шаарында жумушсуздардын расмий катталгандардын саны 1011 адамды түзөт. Жумушсуздук шаардагы көптөн берки маселелердин бири болуп саналат. Үстүбүздөгү жылдын 6 айында жумушка муктаж адамдардын расмий катталганы 331ди түзгөн. Ал эми жалпы катталган жумушсуздардын 876сы атайын жумушсуз макамына ээ болушкан. Алардын 428ин аял кишилер түзөт.