Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев уулдуу болду.
Маалым болгондой, ырчынын жубайы Эля Примбердиева бүгүн, 1-майда таңкы саат 7:27де борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды.
"Уулум 3 килограмм 420 грамм салмакта төрөлдү. Бою 49 сантиметр. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Уулум биринчи балам Ариетке окшош сары экен. Мурду дагы барбайып турат", - дейт ал.
Жаңы төрөлгөн ымыркай - Кайрат Примбердиевдин үчүнчү баласы.