Сузактагы окуядан кийин Портердин айдоочусу камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, айдоочунун кыймыл-аракетинин мыйзамдуулугу каралат.
ИИМ жетекчилиги Сузактагы окуя боюнча жеринен көзөмөлдөө үчүн кеткени маалымдалды.
Бүгүн, 2-майда Сузак районунда "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды портер коюп кетип, 29 бала жабыр тартканы маалымдалган. Жалал-Абад ОИИБи окуя Сузактын Катмы жайлоосунда болгонун, ага 3 миң окуучу катышканын билдирген. Акыркы маалыматтарга ылайык, кырсыктан кийин 31 окуучу райондун аймагындагы ооруканаларга кайрылган.