Учурда Кыргызстандын ЖОЖдорунда бош 693 гранттык орун бар

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында 3-тандоо турунун жыйынтыгы боюнча 693 гранттык орун бош калууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Жалпы 20 жогорку окуу жайдын ичинен ОшМУда 98, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 91, Кыргыз курулуш, транспорт жана архитектура университетинде 83 бош орун бар. Ал эми Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 2 орун калган. КРнын Президентине караштуу башкаруу академиясында, Баткен, Ысык-Көл жана Таластагы мамлекеттик университеттерде план толугу менен аткарылып, бош орундар калган эмес. Белгилей кетсек, өткөн жылы 3-турдун жыйынтыгы менен 751 гранттык орун бош калган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан