Суусамырда эки унаа сүзүшүп кетип, 9 адам жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.
"Кырсык бүгүн таңкы саат 5тер чамасында болуптур. Хонда Одиссей унаасы 7 жүргүнчүсү менен Оштон Бишкекти көздөй келе жаткан экен. Форд үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Таластан келе жаткан. Унаада эки адам болгон. Баары Кара-Балтадагы ооруканага жеткирилди", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.