Бүгүн парламент уран кени маселеси боюнча өкмөттөн маалымат угат

Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңеште Кызыл-Омпол уран кени маселеси боюнча өкмөттүн маалыматы угулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Күн тартипке ылайык, жыйында 17 маселе каралат. “Ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору, "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору, “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланат.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кызыл-Омпол уран кенинде жүргүзүлүп жаткан иштер толугу менен токтотулганын айткан. "Бүгүнкү күндө компаниянын кенди казып алууга эч кандай акысы жок. Мындай укукту аларга эч ким берген эмес. Буга чейин чалгындоо иштерине гана уруксат берилген. Кен казуу үчүн өзүнчө лицензия алынышы керек. Түзүлгөн мамлекеттик комиссия кендин кийинки тагдырын чечүү боюнча иш алып барат", - деп билдирген Боронов.

Бишкек шаарында, Ысык-Көл облусунда уран кенин иштетүүгө каршы бир канча нааразычылык акциялар өттү. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары уран казууга 50 жылдык мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Андан соң депутаттар мурда сунушталган 50 жылдык мөөнөттү алып салып, өлкөнүн бардык аймактарында уран кендерин издөөгө, чалгындоого жана иштетүүгө мөөнөтсүз мораторий киргизүү чечимин кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан