Казакстанда нааразычылык акциясында бир канча адам кармалды

Кечээ, 1-майда Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларында президенттик шайлоого бойкот жарыялоого үндөгөн нааразычылык акция өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Нур-Султанда чогулган эл "Эл тажады", "Бойкот" деген чакырыктарды таштады. Ал эми Алматыда митингге чыккандар "Нур-Султан - менин борборум эмес, Токаев - менин президентим эмес, Дарига – Сенаттагы менин спикерим эмес" деп кыйкырып жатышты. Нур-Султан шаарында нааразычылык акциясынын бир канча катышуучуларын полиция кармап кетти.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президенттик шайлоо 9-июнда өтөрүн жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан