Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек-Автожол" көзөмөл өткөрүү жайында кезекте турган унаалардын саны азайды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз-Казак чек арасында учурда абал туруктуу. Кезекте 10 унаа токтоп турат, күндүз 30дан ашык унаа турган. "Кыргыз тараптан унаалар эч тоскоолдугу жок өтүп жатат. Ал эми казак тарап көзөмөлгө бир аз эрежелер киргизгендиктен текшерүүдө жогорудагыдай унаалар кезек күтүп жатат", - дешти мекемеден.
Буга чейин да аталган көзөмөл өткөрүү жайында көптөгөн унаалардан турган кезек пайда болгон. Казак бийлиги бул жагдайга 10 күн убакыт өткөндөн кийин гана түшүндүрмө берген. Тыюу салынган товарларды ташуу фактыларын аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүп, керектүү учурларда унаалар дыкат текшерилип жатканы айтылган. Ошол эле учурда жүк ташуучулар өздөрү чек арадан өтүүнү каалабай жатышканы белгиленип, бирок айдоочулар каршы пикирде экендигин билдиришкен.