Абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши кайра каралбай турган болду.
Жогорку Сот буга чейинки өкүмдү өзгөртүүсүз калтырып, андан бир гана үй-мүлктү конфискацияга алуу тууралуу бөлүгүн алып салууну чечти.
Бүгүн, 3-майда Жогорку Сотто абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекстеринин күчүнө киргенине байланыштуу кайра каралды.
Жактоочулар буга чейинки инстанциядагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүүнү жана кылмыш ишине тиешеси жок үй-мүлктөр конфискацияга алынбасын деп суранган.
Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталышып, 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.