Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, Кадастр мамлекеттик мекемесинин Өзгөн райондук филиалынын мурдагы директору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү 17-майда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кармалган. Ал кызматта турганда тергөө абагында жаткан Казак каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө посылка ташып турган.
"2023-жылдын ноябрында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин трибунасынан Кадастр мекемесинин Өзгөн райондук филиалынын жогорудагы экс-директору А.Р.Т.нын Казак каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен байланышы бар экендигин маалымдаган", - деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.