Манасчы, ырчы, актриса Ширин Сарыгулова темир тулпарлуу болду. "Рулда отурганыма 4 жыл болду" деген Ширин Сарыгулова SUPER.KG порталына буларды айтып берди.
"Бул менин маңдай терим менен тапкан каражатыма алган экинчи унаам. Мурунку унаама салыштырмалуу бийик, ичи кенен. Негизи жумушума байланыштуу көп иш-чараларга барам. Мындан улам бешик, шырдак, кийим-кечелер, жаа, кылыч, найза жана башка керектүү буюмдарым бата тургандай унаа издегем. Ошентип Хонда СРВ үлгүсүндөгү унаага токтолдум.
Көп учурда элечек кийип жүрөм. Буга чейин унаага отурсам эле башым тийип, ыңгайсыздык жарала берчү. Жаңы унаамдын төбөсү бийик экен, башым тийбей калды. Өзүмө жакты", - деди ал.
Ширин Сарыгулова ВВС басылмасынын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү эң таасирлүү жана шыктандыруучу 100 аялдын катарына кирген.