Быйыл Орозо айы 6-май күнү башталат. Мындай маалыматты Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
"Бүгүн, 5-майдан баштап мечиттерде тарабих намазы окулуп баштайт. 6-майда таңкы саат 3:35те ооз бекитилет (ар бир аймактын убакыттары календарда көрсөтүлгөн). Мындай чечимди аалымдар кеңеши кабыл алды. Ал эми Кадыр түн Орозо айынын 27-күнүндө белгиленет. Азырынча кайсы күн экени тактала элек", - деп билдирет маалымат кызматы.