Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан Айдын көрүнүүсүнө карап аныкталарын мусулмандардын дин башкармалыгы маалымдап келет. 2019-жылы орозо айы болжолдуу 6-майдан баштала тургандыгы белгилүү болгон.
"Пайгамбарыбыз (САВ) өз сөзүндө: "Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда отуз күндү толуктагыла" деп буюрган", - деп жазылган муфтияттын маалыматында. Өткөн жылы Орозо айы 17-майда башталган. Ал эми Орозо айт майрамы 15-июнда белгиленген.
ЭСКЕРТҮҮ: Көрсөтүлгөн күн Айдын чыгуусу боюнча бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.
Төмөндө өзүңүз жашаган аймакты тандап, ооз бекитүүнүн жана ооз ачуунун убактыларынан кабардар болуңуз.