Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Акылбек Султановдон статистикалык маалыматтар канча пайызга дал келе турганын сурады.
Султанов "Расмий статистика жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынса, статистикалык маалыматтар 100 пайызга так болорун айтты.
Депутат бул мыйзам кабыл алынса деле 100 пайызга дал келбей турганын билдирди. "Сугат жерин ким аныктайт? Айыл өкмөт аныктайт. Алар былтыркыдан аз болбосун деп көрсөткүчтү көп көрсөтүп коюшат", - дейт эл өкүлү.
Учурда Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында "Расмий статистика жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.