Жогорку Кеңештин комитетинде расмий статистиканын тактыгын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору жактырылды

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде расмий статистиканын тактыгын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору жактырылды.

Депутат Мурадыл Мадеминов билдиргендей, мыйзам долбоору улуттук статистика системинин натыйжалуу иштешин камсыз кылуу жана коомчулуктагы расмий статистикага болгон ишенимди бекемдөө болуп саналат. “Макулдашылган, такталган жана эл аралык салыштырмалуу статистикалык маалыматтар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байкоо жүргүзүү үчүн керек. Сапаттуу статистика болушу үчүн расмий статистиканы өндүрүүчүлөрдүн башка жактардан көз карандысыздыгы камсыздалышы зарыл. Мыйзам долбоору менен “мамлекеттик статистика” же “улуттук статистика” терминдеринин ордуна “расмий статистика” терминин колдонуу сунуш кылынат. “Расмий статистика” термини эң алды менен сапат аспектисине басым жасалган, ошондой эле колдонуучулар үчүн берилген маалыматтардын макамы жана сапатын жогорулатууга талап болот", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан