Муфтият Орозо айындагы битир-садаганын баасын бекитти

2019-жылдын Орозо айында мусулмандардын канча өлчөмдө битир-садага берүүсү өлчөндү. Бекитилген бааны Мусулмандардын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Садага-битирди берүү - (белгиленген өлчөмдө) ар бир колунда бар адамга милдет. Анткени пайгамбарыбыз (САВ) “садага-битирди чоң-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жан берүүсү керек” деп бекиткен", - деп билдирет Муфтият.

Жан башына 1 килограмм 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 килограмм 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет. Ар бир казыяттардын берген маалыматтарына таянып ар жан башына садага-битирдин 2019-жылдагы баасы төмөнкүдөй бекитилди.

Эскертүү: Садага-битир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

Баалардын туруксуздугуна байланыштуу, садага-битирди берген учурда 1 килограмм 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 килограмм 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл буруу керектиги эскертилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Krai
2019-05-06 13:01:35
Сом менен точно айтып койбоптур да 1 адамга мынча сом деп
-3
virtual.realist
2019-05-06 13:11:16
Krai,35 сомдон 480 сомго чейин жан башына шартына жараша бере бересин
+9
titanik32
2019-05-06 13:39:32
Ар бир жанга 30же 35 сомдон деп айтат эле го жылда эле,бул жылы ар бир жанга 480 боп кеттиби?толугураак кыскача эле ар бир жанга мынча сом деп койсо түшүнүктүү болот эле.Эми базарга барып ун арпа буудай мейиздин баасын сүрүштүрөбүзбү.
-2
Гүлжан Асанкожоева
2019-05-06 13:57:24
titanik32, Саламатсызбы? Таблицада азыктардын баалары жазылып турат. Эгерде шартыңыз буудайдын баасында гана берүүгө туура келсе, жан башына 35 сом. Эгерде шартыңыз мейиздин баасында берүүгө туура келсе анда 384 сом, ундун баасында берүүгө туура келсе, 40 сом, арпанын баасында бере алам десеңиз 48 сом, эгерде шартыңыз курманын баасы менен берүүгө туура келсе анда 480 сом менен бересиз.
+11
titanik32
2019-05-06 14:03:48
Гүлжан Асанкожоева,Сизге чооң ракмат Аллах ыраазы болсун.
+5
Benazir08
2019-05-06 16:48:31
Эл журт ким билет мына Москвада кайсы жерге алып барып берилет мурунку жылы бир акеге бергенбиз мечитке кетип аткан экен берип коюнчу биздикин да деп. Быйыл жанагы интернетте аябай жардам сурап атышат го сбер картасына эле ошентип которуп койсокпу жеп жатам. Менин оюм туурабы ким билет Абдышукуп ажыга кандай суроо берсе болот? Кайдан.
+2
Take_men
2019-05-07 00:28:03
Мен бир топ жылдан бери көчөдөгү майыптарга берем. Мечитке барып калсам эле ал жакка салып койбосом негизи мунжу майыптарга бергенди туура көрөм
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан