7-майдан тарта Бишкектеги көчөлөрдүн 9 кесилишинде "Коопсуз шаар" долбоорунун камералары толук иштей баштайт, буга чейин алар тесттик режимде иштеген. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштеринде камералар бузууларды аныктап баштайт.
Бөкөнбаев-Манас;
Чүй-Манас;
Чүй-Павлов;
Жибек Жолу-Манас;
Махатма Ганди-Боталиев;
Жибек Жолу-Курманжан датка;
Ахунбаев-Байтик баатыр;
Чүй-Абдрахманов;
Байтик баатыр-М.Горький.
Долбоордун биринчи кадамына ылайык, жалпысынан 110 камера орнотулмакчы: алардын 42си Бишкекте, 48и Чүй облусунун автотрассаларында. Калган 20сы - бул жылдырылма камералар.