Жогорку Кеңештин комитетинде экологиялык кырдаалды жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору жактырылды

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Биоотун жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болгондой, биоэталонду өндүрүү "Кара-Балта" спирт заводу мамлекеттик ишканасын ишке киргизүү сунушталат. Биоэтанолду өндүрүү технологиясын минималдуу чыгымдар, орточо эсеп менен алганда 140 миллион сом өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мыйзам долбоору ишке ашырылуусу менен өлкө аймагына күйүүчү майды импорттоо 15 миӊ тоннага чейин кыскармакчы.

Комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров мыйзам долбооруна депутат Абдимуктар Маматов тарабынан келип түшкөн сунуштар кабыл алынганын билдирди. Жыйынтыгында сунуштар кабыл алынып, мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан