Кыздары бут кийимин кийгизип жаткан депутат: "Сындагандар сындай беришсин, эгиз кыздарым мени жакшы көрүшөт"

Депутат Эмил Токтошев социалдык түйүндөгү баракчасына эки кызы бут кийимин кийгизип жаткан сүрөтүн жарыялады. Бул сүрөт коомчулукта кызуу талкууга алынды. Сын-пикирлер айтылган соң депутат сүрөттү өчүрүп салды. Ал SUPER.KG порталына талкуу жаралып кеткенден кийин сүрөттү өчүрүп салганын билдирди.

"Кыздарым мени жумушка узатып, кайра тосуп алышат. Бут кийимимдин боосун байлап беришет. Эгиз кыздарым мени жакшы көрүшөт. Сындагандар сындай беришсин. Талкуу болуп кеткенден кийин сүрөттү өчүрүп салдым", - дейт депутат.

Ошол эле учурда депутат кийип турган АКШнын желеги тартылган байпагы дагы коомчулуктун көңүл сыртында калган жок. "Андай байпактар базарда сатылат, каалагандар алып кие беришсин" деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Dembele84
2019-05-06 14:53:34
Байпагы кыйкырат го флаг США )))
+11
nazira1989
2019-05-09 20:13:40
Dembele84, тообаааа ошону байкабаптырмын,силердин комментарийди окуп кайра башынан карап кордум да...)))
0
Agayu
2019-05-06 17:00:48
Бул сый урсат , эгер оз кыздары болушса .Кийин атамды сыйлай албай калдым , укпадым деген аттин жаман .А байпак маселесине келсек , жакшы да Кыргызстандын жэлеги эмес .
+16
Kyrgyz_bloger
2019-05-06 17:06:04
Бироонун жашоосун,анан саясатты талкуулоо боюнча дуйнодо биринчи орунда турабыз го.
+17
NURSAPAR
2019-05-06 17:09:08
Жумурткадан кыр издегендер көп да,өзүнүн кыздары жакшы көрөт экен. Анын эмнеси жаман. А байпагы мейли,улуу державанын желеги болсо эмне экен, колуна көтөрүппү,бутуна басып жүрөт го.
+6
datkayimjan
2019-05-06 17:19:24
Каап суротун киргизбей эле койбоптур да элдерди кырылыштырбай
+9
deva
2019-05-06 18:32:41
Булар жакшы боосун байлап беришет экен. Мен апам менен папам тошокко жатары менен барып бутунун салаасын тазалайм деп жиндилик кылчумун. Адат болчу, эмне кылайын
+8
Skarlett-Skarlett
2019-05-06 19:19:11
Мээрим бар жерде сый-урмат болот.Бул жакшы корунуш,атага мээрим токкон кыздар бактылуу болушат
+8
Luna15
2019-05-06 20:23:12
Соонун корунушда,балдарын алдында чуркап турса бакыт эмеспи,кудай сактасын азыр балдар телефон менен компьютерден чыкпай калган заманда
+6
Kylychisa
2019-05-06 20:42:13
сындабагыла
+2
LadyB
2019-05-06 20:52:23
ужасс
-6
bessmertiy
2019-05-06 22:03:36
LadyB,эмнеси ужас. Менин деле кыздарым бир жака жөнөрдө бут кийимимди мен кийгизем деп талашып турушат.
+4
tsunse
2019-05-06 21:09:42
Ушул шылтоо менен бир аты чыгыптыр да депутаттын.
+1
Abdizhapar
2019-05-06 22:14:00
Шайлоого даярдык озун озу пиарлап
-2
Bishkek_312
2019-05-06 23:07:34
Бутун кийгизсе жакшы кыздары бактылуу болушсун жакшы кыздар экен бирок депутат элди теңине албаган керсейген киши окшойт эмне деген жооп сындагандар сындай беришсин, базарда сатылат каалагандар алып кийе беришсин деген сөзү өзүнүн деңгээли төмөн экенин билдирип койуптур көпчүлүктү түшүнүш керек бири өйдө бири ылдый жазат да бир эле киши менен сүйлөшүп жаткансыбай.
+1
Jyna
2019-05-07 00:23:41
Ата энеге сый урмат кичинеңден башталат. Жаш кезинде жакшы көрүп жаш бала не кылбайт. Кечке чопулдатып өөп эле жүрөт чачыңды тарайм дейт. Менин 2 жаштагы балам батинкаңы кий мен щёткалап берем деп щётканы кармап даяр турат. Мындайды сындап жаман жакшы айтышканда не пайда.
+7
Snejana
2019-05-07 11:58:06
Кыздары азамат экен. Кыз деген ушундай жароокер болот да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан