Москвадагы учак кырсыгынан жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы тастыктады.
"Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 5-май күнү Шереметьево аэропортундагы кырсыктан жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок", - деп айтылат маалыматта.
Кырсык, 5-май күнү кечинде орун алган. Шереметьево аэропортунан Москва-Мурманск каттамы боюнча учкан SuperJet-100 учагы абага көтөрүлгөндөн кийин авариялык сигнал берип, кайра жерге конууга аргасыз болгон. Учактагы жалпы 78 адамдын 41и каза болуп, алардын бирөөсү экипаж кызматкери экендиги айтылууда. Айрым маалымат булактары жүктөрүн сактап калуу аракетин көргөн жүргүнчүлөрдөн улам тыгын жаралып, арткы бөлүктө отурган жүргүнчүлөр сыртка чыга албай калышканын жазышууда.