Рак оорусунан улам бир көзүнөн, жаагынын бир тарабынан айрылган Баатыр Баназаров каза болду

Рак оорусунан улам бетинин бир бөлүгү, бир көзү жана эрининен айрылган Баатыр Баназаров каза болду. Маалыматты маркумдун апасы Саткын Баназарова тастыктап, буларга токтолду.

"Уулум Баатыр 3-майда үйдөн каза болду. 4-майда сөөгүн туулуп-өскөн жери Аксы районундагы Кара-Төбө айылында жерге бердик. Өмүрү ушунча экен, канча аракет кылганыбызга карабай дүйнө салды", - дейт ал.

2018-жылдын январь айында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун 35 жаштагы тургуну Баатыр Баназаровдун абалы күндөн-күнгө начарлап жаткандыгы маалымдалган. Ал апасы менен Бишкек шаарына келип, кайрымдуу адамдардан жардам чогултула баштаган. Кийин Улуттук онкологиялык борборуна жаткырылып, дарыгерлер анын 12 жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келгендигин билдирген. Аз убакыт аралыгында Баназаровдун саламаттыгына кайдыгер карабаган адамдардан акча топтолуп, ал дарыгер Азамат Кошалиев менен бирге Индияга дарыланууга барган. Ал жактан операция жасалып, бейтап март айында аман-эсен Кыргыз жерине кайтып келген.

Ал эми 2018-жылдын декабрында Баатыр Баназаров оор абалда Жалал-Абаддагы Кербен шаарындагы ооруканага жатып чыккан.

Рак оорусунан улам бир көзүнөн, жаагынан айрылган Баатыр Баназаров каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Makul
2019-05-06 19:35:54
Аллахым бейишинен орун берсин!!!
+14
Chungyz
2019-05-06 19:59:19
Эч Ким мындай ооруга туш болбосун
+13
Luna15
2019-05-06 20:08:03
Бейишинен берсин
+8
katerina.li
2019-05-06 20:28:31
Жаткан жери жайлуу болсун. Абдан кыйналды болуш керек ооруудан.
+6
nuri1
2019-05-06 21:40:45
Жараткан Тенирим элибизге ден соолук берсин.
-8
Abdizhapar
2019-05-06 22:10:29
Аллах бейишинен орун берсин
+7
Nur777
2019-05-06 22:10:29
Жараткан оз рахымына алсын,жайы жаннаттан болсун..
+8
Nursultan.92
2019-05-07 15:24:49
Жаткан жериниз жайлуу болсун
+2
i1urp
2019-05-07 18:49:21
Тенирим жаткан жерин жай кылсын. Тенирим ден соолук берсин.
0
bakulya2015
2019-05-08 05:05:59
Жаткан жери жайлуу болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан