Бишкекте газ менен жүрүүчү автобустардын №48 жана №36 линиялары түзүлгөн. Мындан улам №114 жана №214 номерлүү маршруттук кичи автобустардын каттамы өзгөрдү. Мындай маалыматты Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эми №114 номерлүү кичи автобусунун жүрүү кыймылы Батыш автобекетинен башталып, "Ош базарына" токтойт.
Ал эми №214 номерлүү кичи автобустун кыймылы Батыш автобекетинен башталып, кайра ошол автобекеттен токтойт.