Бүгүн, 7-майда өлкөнүн бардык аймактарында уран кендерин казууга мөөнөтсүз мораторий киргизүү боюнча коомдук угуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, коомчулуктун пикирин эске алуу менен мыйзам долбоорунун демилгечилери Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, Канат Керезбеков мурда сунушталган 50 жылдык мөөнөттү алып салган. Өлкөнүн бардык аймактарында уран кендерин издөөгө, чалгындоого жана иштетүүгө мөөнөтсүз мораторий киргизүү чечими сунушталып жатат.