Футзал боюнча Кыргыз чемпиондугунун финалдык сериясынын 3-оюну аталган бишкектик "Алга" жана оштук "EREM" командаларынын беттеши болгон жок. Бул тууралуу Кыргыз футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Алга-Дордой" борбордук клубу нааразычылыгын билдирип, оюнга чыккан эмес. Оюн 6-май күнү Арча-Бешиктеги ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде орун алмак. Клубдун жетекчилиги Ошто өткөн биринчи оюнда "Алга" командасына 1:4 эсеби менен техникалык жеңилүү жазган ФФКРдин Дисциплинардык комитетинин чечимин кайрадан карап чыгууну талап кылууда. Ал оюнда клуб оюн талаасын 2-таймда таштап кеткен.
"Биз 1-оюнда "EREM" клубуна техникалык жеңилүү жазууну талап кылабыз. Уюштуруучулар бизге катаал, ошол эле учурда "EREM`ге" жумшак мамиле кылып жатышат", - деп билдирген клубдун жетекчилиги.
Белгиленген учурда "EREM" командасы оюн талаасына чыгышкан, уюштуруучулар "Алга" командасын саат 21:00гө чейин күтүшүп оюн орун алган эмес. Бул окуя боюнча акыркы чечимди ФФКРдин Дисциплинардык комитети кабыл аларын федерациядан кошумчалашты.
Ошто өткөн финалдык сериядагы 2 оюнда тең "EREM" жеңүүчү аталган.