Депутат: "Уран кенин казууга түбөлүк тыюу салуу мыйзам долбоору элдин талабы менен иштелип чыкты"

Бүгүн, 7-майда өлкөнүн бардык аймактарында уран кендерин казууга мөөнөтсүз мораторий киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтүүдө.

Анда депутат Канат Керезбеков бул мыйзам долбоору элдин талабы менен иштелип чыкканын айтты.

"Мыйзам долбоорунун автору - эл. Кээ бир жарандар тарабынан уран кенин казууну убактылуу токтотуу боюнча сунуштар болгон. Ал эми биздин сунуш - уран кенин казууга түбөлүк тыюу салуу. Мыйзам долбоору кыска жана так жазылган. Бул мыйзам долбоору так жазылышы керек. Мында көбөйтүп, чоңойтуунун кажети жок. Башка мыйзамдарга толук дал келет", - дейт Канат Керезбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Erik2018
2019-05-07 10:46:19
Урансыз деле жашай беребиз. Туура кылышты мыйзамды иштетип эми уранга жол ачкан мурунку аткаминерлерди сурака алыш керек.
+1
Jaznura
2019-05-07 10:53:05
Зилалиев деген бомбадер лицензияларды пирожкидей тараткан экен убагында
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан