"Уран кенин казууда зыяны жок деп жаткандар, ошол жерге барып жашагыла" дейт манасчы Дөөлөт Сыдыков

"Уран кенин казууда зыяны жок деп жаткандар, ошол жерге барып жашагыла", - деп бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңеште коомдук талкууда манасчы, уран кенин казууга каршы митингдердин катышуучусу Дөөлөт Сыдыков билдирди.

Ал уран кенин чалгындоого уруксат алып, казып жаткандар мыйзам алдында жооп бериши керектигин айтты. "Ысык-Көлүбүздү соолутуп, элибизди оорутсак ким жооп берет? Ошол бабаларыбыздан калган дүйнө маданиятына салым кошкон адамдардын тукумун жок кылганга кимдин, кандай акысы бар?" - деди Сыдыков.

Учурда Жогорку Кеңеште уран казууга биротоло тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurbek56
2019-05-07 12:53:30
эркекче айтыптыр зыяны жок деп бакылдап аткандарды урук аймагы менен ошол жерге алып барса анан корот элек эмне дегенин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан