9-Май - Жеңиш күнүнө карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча Өлкө биринчилигинин Жогорку Лиганын финалдык оюнунда салтка айланып калгандай Таластын "Ынтымак" командасы менен Оштун "Достук" командасы кез келет.
Бүгүн, 7-майда орун алган Жогорку Лиганын тайпалык оюндарынын алкагында алгач "Ынтымак" командасы Чүйдүн "Сары-Өзөн Рассвет" командасы менен кез келип, кыл чайнашкан беттештин жыйынтыгында "Ынтымак" командасы 8:0 эсебинде жеңишке жетишкен.
Ал эми бүйүр кызыткан "Достук" - "Сары-Өзөн" оюну да көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Оюн учурунда Манас Ниязов жана "Сары-Өзөндүн" оюнчусу Нурбек Юсуповдун ортосунда уруш чыкты. Оюн талаасынын сыртына чыгып кеткен оюнчулар дээрлик 15 мүнөткө жакын мамилесин чечишүү менен алек болушту. Мына ушундай жагымсыз окуя менен коштолгон оюн 10:4 эсеби менен аяктап, Оштун "Достук" командасы жеңишке жетти.
Ошентип өлкөбүздүн эң мыкты деп аталган "Ынтымак" жана "Достук" командалары финалдык оюнга жолдомо алышты.
Финалдык оюндардын жадыбалы:
Биринчи Лига.
3-орун үчүн "Алкан-Ата" - "Ат-Башы"
1-орун үчүн "Көл-Төр" - "Кара-Буура"
Жогорку Лига.
3-орун үчүн "Сары Өзөн Рассвет" - "Сары Өзөн"
1-орун үчүн "Ынтымак" - "Достук"
Финалдык оюндар, 9-Май - Жеңиш күнүндө орун алмакчы.