"Урандын экономикалык жактан да пайдасы аз, анын калдыктарынан арылууга көп каражат жумшалат", - деп бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңеште коомдук угууда Тоо-кен өнөр жайы жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев билдирди.
Ал Кыргыз өлкөсүнүн аймагында уран кендерин иштетүүгө тыюу салуу демилгесин колдой турганын айтты. “Тоо-кен тармагында бирдиктүү саясат жок. Ошонун айынан 2019-жылдын 1-январына карата 2800 лицензия берилиптир. Уран - өтө зыяндуу зат. Андан адам эле жапа чекпейт, экология да бузулат", - деди ал.
Бүгүн Жогорку Кеңеште уран кенин казууга биротоло тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өттү.