Жактоочу: "Ишкер Жалил Атамбаев Орозо айында кечирдим деп журналисттин үстүнөн жазган арызын кайтарып алды"

"Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаковду сотко берген ишкер Жалил Атамбаев доо арызын кайтарып алды. Бул тууралуу ишкер Атамбаевдин жактоочусу Шумкарбек Абжапаров SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, доо арызды бүгүн, 7-майда Ош шаардык сотунан кайтарып алган.

"Доо арызды кайтарып алдык. Себеби мусулмандардын ыйык Орозо айында кечиримдүү бололу, соттошпойлу, кечирдим деп Жалил Атамбаев доо арызын кайтарып алды", - деди Абжапаров.

Ошондой эле журналисттин материалында суроолорго жооп берген 2 адамга карата жазылган доо арыз да алынганын кошумчалады.

Буга чейин "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаковду милициянын отставкадагы полковниги, ишкер Жалил Атамбаев 50 миллион сом талап кылып сотко берген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
munar1980
2019-05-07 16:31:38
Идирис алга
+8
titanik32
2019-05-07 18:01:09
munar1980,Идирисиң алга кетип кайда барат,кечириптир жөн олтур да алгалабай.
-8
Ka2sr1
2019-05-07 17:49:59
Орозо айында кечирдим деп. Орозо болбосо эмне кылмак эле. Орозодон башка куну деле кечирим кылыш керек.
+2
Akylai_aktan
2019-05-07 20:01:36
хе хе өзүнчө эле шоу кылып алганго.Жалил Атамбаев эгер чын эле ак мээнетиңиз менен ушул даражага жетсеңиз өзүңүзгө буйрусун.А тескериси болсо карапайым элдин убалы урсун.
+4
BekAmir
2019-05-08 00:59:46
Ошондо байкуш журналистти коркутуп койдуда...
Уурусу кучтуу болсо ээсин долго жыгат
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан