Улуу Ата Мекендик согуштун 347 ардагерине быйыл 20 миң сомдон берилет

Улуу Ата Мекендик согуштун 347 ардагерине быйыл 20 миң сомдон берилет. Бул үчүн президенттин резервдик фондунан 7 миллион 91 миң сом бөлүндү. Маалыматты SUPER.KG порталына Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, согуштун жана ооруктун ардагерлеринин жалпы саны 2 миң 526 адамды түзөт. Анын 496сы Бишкек шаарында жашаса, Чүй облусунда - 185, Талас облусунда - 108, Ысык-Көл облусунда - 260, Нарын облусунда - 63, Баткен облусунда - 371, Ош облусунда - 891, Ош шаарында - 27, Жалал-Абад облусу - 125 ардагер жашайт.

"Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, майып болгондор, туткундар, Ленинград блокадасынын катышуучуларынын саны 347 болсо, ооруктун ардагерлеринин саны 2 миң 164. Фронтто эмгектенгендер 9, каза болгон аскерлердин үй-бүлөлөрү 6", - деп билдиришти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан