Эколог Эмил Шүкүров: "Жандуу жаратылыш үчүн геологиялык-чалгындоо жана уран кенин иштетүүдөн зыян эч нерсе жок"

Бүгүн, 7-майда Жогорку Кеңеште коомдук угууда эколог Эмил Шүкүров уран кенин казууга биротоло тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору тууралуу пикирин айтты.

“Жандуу жаратылыш үчүн геологиялык-чалгындоо жана уран кенин иштетүүдөн зыян эч нерсе жок. Бул маселеге өтө көңүл буруу менен абайлап мамиле кылуу керек. Биз азыркы учурда мамлекет, Кыргыз өлкөсүнүн жашоочулары катары абдан кооптуу абалда турабыз. Мен 1950-жылдан баштап Кыргыз мамлекетин кыдырып, тоо кенин иштетип жаткан жерлерде болгом. Жандуу жаратылыш бир гана кен чыга турган жерде эмес, изилдөө иштери жүргөн жерлерде дагы бузулат. Ал чектелген аймактардын гана жаратылышын бузат деп айтуунун кереги жок. Бул биздин жаратылыштын денесиндеги көптөн кийин бүтө турган жара. Эгерде азыр бардыгын токтотуп, тартипке келтирбесек, кийин иретке келтирүү үчүн бирөөнүн колуна дагы бере албайбыз”, - дейт Шүкүров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан