Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси - өкмөт. Буга чейин парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинде каралган.
Мындан сырткары, жыйындын жүрүшүндө экинчи окууда “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана "Жер казынасы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору каралмакчы.