Эртең Бишкекте Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата өтө турган иш-чаралардын тизмеси

Эртең, 9-майда Бишкекте Жеңиш күнү белгиленет. Буга байланыштуу борбор калаада бир катар иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

07:30. Жаш Гвардия бульвары менен Чүй кең көчөсү кесилишкен жердеги согуш курмандыктарына арналган эстеликке гүл чамбар коюлуп, митинг-реквием өтөт.

09:00. Масалиев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде "Өлбөс полктун" катышуучулары чогулушат.

10:00. "Өлбөс полктун" катышуучуларынын жөө жүрүшү башталат. Алар Абдырахманов көчөсү менен Жеңиш аянтына болжол менен саат 12:00дө келишет.

10:00. Жеңиш аянтындагы өчпөс отко гүл чамбар коюлуп, согуш курмандыктары эскерилет.

11:00. Шопоков көчөсүндө борбор калаадагы музыканттар тобу концерттик программасын сунуштап, аскердик ырларды аткарышат. Ошол эле жерде Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы менен биргеликте 2 миң адамга жоокерлердин тамагы берилет.

19:00. Жеңиш аянтында концерт болот. Ага орусиялык "Голубые береты" тобу, кыргыз эстрада ырчылары катышат.

22:00. Майрамдык фейерверк атылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан