Жеңиш майрамына карата көк бөрү боюнча турнир: Таластын "Алкан-Ата" командасы Биринчи Лиганын коло медалын жеңип алды

Бүгүн, 8-майда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда орун алган Жеңиш майрамына карата көк бөрү боюнча өтүп жаткан турнирдин Биринчи Лигасынын 3-орун үчүн болгон оюнунда Таластын "Алкан-Ата" командасы менен Нарындын "Ат-Башы" командасы кез келди.

Оюндун алгачкы мүнөттөрүнөн эле 2 команда тең өзүнүн мыкты даярдыктарын көрсөтүп, көрүүчүлөргө бүйүрдү кызыткан мыкты оюн тартуулай алышты. Буга карабастан Таластын көк бөрүчүлөрү Теңир-Тоонун көк бөрүчүлөрүн 3:0 эсебинде жеңип алышты.

Муну менен "Алкан-Ата" командасы республикалык турнирдин Биринчи Лигасында 3-орунга ээ болушту.

Айта кетсек, Биринчи жана Жогорку Лигадагы 1-орун үчүн болгон оюндар эртең, 9-майда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ат майданында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sinej
2019-05-08 13:05:46
Азаматсынар кыргыздын жигиттери. Бар болгула. Манас Атабыздын руху колдосун!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан