Балбан Каныбек Жолчубеков Украинада өтө турчу эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, белгилүү балбандардын, машыктыруучулардын жаркын элесине арналган 23-эл аралык турнир 10-майда Киев шаарында башталат.
Аталган турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан жалгыз гана Каныбек Жолчубеков өзүнүн машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов менен биргеликте барат. 63 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Жолчубеков килем үстүнө 10-майда чыгат.