Сүрөткө түшкөнү келишкенби? "Өлбөс полкто" өчпөс отко гүл коюучуларга сүрөткө түшкөндөр тоскоолдук жаратты

Бүгүн, 9-майда Бишкекте "Өлбөс полк" акциясы "Жеңиш" аянтындагы өчпөс оттун жанында башаламандык менен аяктады. Акциянын аягында катышуучулар өчпөс оттун жанына гүл коюуга келгенде басымдуу бөлүк бири-бирине жол бербей, сүрөткө түшүүгө өтүштү.

Өчпөс оттун айланасына гүлдөр коюулчу жерге эки сүрөтчү чыгып алып, каалоочуларды сүрөткө тартуу менен алек болушту. Мындан сырткары, уюлдук телефондоруна сүрөткө түшүүнү каалагандардын да саны арбын болду. Бул көрүнүшкө айрымдар ата-бабалардын эрдигин эстөө үчүн эмес, сүрөткө түшүү үчүн келишкен деп нааразы болушту. Мындан улам кары-картаңдарга, балдары менен келген тургундарга өчпөс отко өтүп гүл коюу кыйынчылык жаратты.

"Өчпөс оттун" жанындагы адамдардын тыгыны
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
BarsBaatyr
2019-05-09 15:31:19
Малдан айырмабыз жок десек чычалашат көпчүлүк.
+13
Tyty1990
2019-05-09 15:32:07
BarsBaatyr, туура.
+3
ainura220888
2019-05-10 02:25:17
Орустар "бараны" десе олобуз чычалап, бирок ошондой эле алып журобуз озубузду. Самолетеда конгондоюн отуруп тургула десе болбой шаарт турушатда жулмаланып башташат. Тан калам ошол 5минута бир нерсени чешчудой каяка шашат деп.
+8
Nestana95
2019-05-10 12:10:54
ainura220888, болбосо баарибир туруп алып кутушот,,,эл м.н чогуу эле тушот ашып кетпей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан