Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөн. Учурда наристе облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул маалыматты аталган оорукананын балдар дарыгери Бахадыр Муратов тастыктады.
Анын айтымында наристенин денесинде көк ала тактар бар. Ал тактар наристе сабалганынан кабар берет.
"2017-жылы туулган кыз 7-май күнү "Тез жардам" кызматы менен ооруканага алынып келген. Учурда балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы оор. Эсине келе элек, денесинин баары көк ала. Дарыгерлер анын сабалганын тастыктап жатышат. Кыз ооруканага келгенде жанында таенеси болгон. Наристенин ата-энеси ажырашып кеткен. Апасы Орусияда иштейт", - деди Муратов.